Бишкек: Мэрия окуу саат 07:30да баштала турган мектептердин тизмесин жарыялады

Бишкек: Мэрия окуу саат 07:30да баштала турган мектептердин тизмесин жарыялады

Бишкек шаарынын мэриясы быйыл жаңы окуу жылынан тарта сабактары саат 07:30да баштала турган мектептердин тизмесин жарыялады.

Маалым болгондой, буга чейин шаардагы 14 муниципалдык мектепте окуу саат 07:30да башталып келген: №69, 29, 70, 61, 9, 13, 95, 102, 4, 23, 33, 38, 43, 67.

Эми сентябрдан тарта алардын катарына дагы 30 мектеп кошулат: 6, 24, 27, 48, 54, 83, 3, 14, 26, 37, 60, 62, 64, 2, 7, 8, 25, 47, 31, 42, 55, 68, 72, 74, 96, 12, 45, 52, 65, №1 МЛГ.

Мэрия белгилегендей, азыркы тапта шаарда 103 муниципалдык мектеп бар. Аларда 198 миң 129 бала билим алат.

Шаар бийлиги ата-энелерден балдарынын ыңгайлуулугу үчүн аларды үйүнө жакын мектептерде окутууну суранат. Аны менен бирге окуу башталганда балдарын сабакка жеткиргени келгенде, унаасын мектептин алдына токтотпоого чакырат. Болбосо унаасы эвакуацияланарын жана айып пул салынарын эскертет.

Эскерте кетсек, өкмөт Бишкектеги жол тыгынын чечүү үчүн кесиптик лицейлерде, университеттерде жана коллеждерде сабакты саат 10:00до баштоо тууралуу чечим кабыл алган. Ошол эле учурда мектептерде окуу саат 08:00до же ага чейин баштала турган болгон.

Бишкекте лицейлерде, университеттерде сабак саат 10до башталат

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>