Кыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулатСокулук районунда 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулатФеликс Кулов Казакстандын жаңы Конституциясына баа берди: алдыга карай чоң кадам жана «кош бийлик» тобокелдиктериПрезидент бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койдуКыргызстандагы КММ баалары: учурдагы абал жана өкмөттүн бааны ооздуктоо боюнча чаралары«Жалындуу чабуул» жана «Матросовдун эрдиги»: Бишкектин картасындагы эрдиктин символдору
Бишкек мэриясы Нью-Дели менен тажрыйба алмашууга кызыктар
29.03.2023 | 11:40
Бишкек шаарынын муниципалитетинде мэр Эмилбек Абдыкадыров Индиянын Кыргызстандагы элчиси Арун Кумар Чаттерджи менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Индиянын шаарлары менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн, атап айтканда, шаарлар аралык деңгээлде талкуулашты.
Мэр Бишкек мэриясы менен Нью-Дели шаарынын муниципалитетинин ортосунда тажрыйба алмашууга кызыкар экенин билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом