Исманкуловдун клиникасынын ордуна неврологиялык бөлүм ачылат

Исманкуловдун клиникасынын ордуна неврологиялык бөлүм ачылат

Бишкек шаарында мурда жеке клиника жайгашкан №2 клиникалык көп тармактуу оорукананын имаратында неврологиялык бөлүм ачылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 28-мартта саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Бишкек шаарындагы №2 клиникалык көп тармактуу ооруканага барып, бөлүмдөрдү кыдырып, Катар фонду каржылаган имараттын курулушу менен таанышты.

Мындан тышкары мурда “Алмазбек Исманкуловдун көз микрохирургиясы” клиникасы ээлеп турган оорукананын имаратын карап чыкты.

Оорукананы кыдырып чыгуунун жыйынтыгында жетекчилик жана кызматкерлер менен бирдикте неврология бөлүмүн бошогон имаратка көчүрүү жана бошогон имараттын керебеттеринин санын 80ге чейин кеңейтүү чечими кабыл алынды.

Министр оорукананын жетекчилигине жакынкы аралыкта керебеттерди ачуу боюнча тиешелүү иштерди уюштурууну, ошондой эле бошогон имараттын 3-кабатын оңдоо иштерине сметаны даярдоону тапшырды.

Буга чейин Алмазбек Исманкуловго таандык делген «Көз микрохирургиясы» бейтапканасынын имараты бошотулганын мэриядан билдиришкен.

№6 шаардык клиникалык оорукананын №2 корпусун ижарага берүү келишимин бузуу жана бошотуу чечими кабыл алынган. Ага ылайык,  жеринде Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин кызматкерлери иш алып барышкан.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө «Көз микрохирургия» госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов менен Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн бир нече жооптуу кызмат адамдары материалдык кызыкчылыктарды жана башка артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында кылмыштуу аракеттерге барышкандыгы аныкталган. Ал өзү эки айга камалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>