Сузакта мурдагы айыл өкмөт башчы кармалды. Үйүнөн курал табылды

Сузакта мурдагы айыл өкмөт башчы кармалды. Үйүнөн курал табылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы К.М.Ы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК Кызыл-Туу айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактыларын аныктаган.

«Аталган айыл аймактын жооптуу кызматкерлери “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук филиалынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, белгилүү бир акчалай сыйлык үчүн Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун пайдалануу менен жеке турак жай куруу үчүн 6 гектардан ашык жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп, жер тилкелерине жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актыларды жасап беришкен», — деп билдирет УКМК.

Белгилүү болгондой, мурдагы айыл өкмөт башчынын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, кылмыш ишине тиешеси бар көп сандагы токтомдор, корутундулар, топографиялык жана башка жасалма документтер табылып алынган. Ошондой эле, ок атуучу куралдар, травматикалык куралдар жана ок-дарылар мыйзамсыз сакталганы аныкталган.

УКМК Сузак районунун тургундарын мурда алынган документтери менен УКМКнын облустук башкы башкармалыгына келип, бул коррупциялык схемага тиешеси адамдарды жоопко тартуу боюнча тергөө иштерине көмөк көрсөтүүгө чакырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>