Бишкек мэриясы шаардыктарга ижара акысын өз убагында төлөөнү эскертти

Бишкек мэриясы шаардыктарга ижара акысын өз убагында төлөөнү эскертти

Бишкек мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн дебитордук карыздарды чогултууну улантууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анын алкагында, шаарга 1,5 миллион сом кайтарылды.

«2014-жылы Бишкек шаарындагы жер тилкелерине укук берүү боюнча комиссиянын чечими менен Өскөмбаев С.Д. аянты 82,5 чарчы метр жер тилкеси дүкөндү долбоорлоо жана куруу үчүн 5 жылдык мөөнөткө ижарага убактылуу пайдаланууга берилген.

Бирок, ижарачы келишимдин шарттарын бузуп, муниципалдык менчикти пайдалангандыгы үчүн акча төлөгөн эмес.

Биздин көптөгөн эскертүүлөрүбүзгө карабастан, ижара төлөмдөрү боюнча карыздар 2019-жылдын экинчи кварталын эске алуу менен түзүлгөн, башкача айтканда, келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин. Бүгүнкү күнгө чейин, ижарачы шаарга 963 миң 369,96 сом карыз, ага кошумча карыздын көрсөтүлгөн суммасынын 25% өлчөмүндө туум — 240 миң 842,49 сом, жерди пайдалангандыгы үчүн карыз 225 463,17 сомду түзгөн.

ЖРБ Октябрь райондук сотуна доо арыз менен кайрылган.

Соттун 2020-жылдын 9-декабрындагы чечими менен С.Д. Өскөмбаевге карата ЖРБнын карыздарды өндүрүү боюнча доо арызы канааттандырылып, шаардын пайдасына 1 миллион 429 миң 675,62 сом өндүрүлдү», — деп жазылат маалыматта.

Калаа бийлиги муниципалдык жерди пайдалануудагы ижара акысын өз убагында төлөө керектигин эскертти.

Жер маселелери боюнча мэриянын Жер ресурстар башкармалыгына кайрылса болот. Дареги: Чокморов көчөсү, 246, телефон: (0312) 45-42-73 же WhatsApp 0701012555.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>