Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан автоунааны муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча токтом долбоорун шаардык кеңештен чакыртып алууну тапшырды. Бул тууралуу аталган муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаардыктардын пикирин эске алуу менен аталган долбоорду чакыртып алган.
“2010-жылкы Toyota Prado үлгүсүндөгү унаа Транспорт жана коммуникация министрлигине өткөрүлүп берилет”, — деп айтылат маалыматта.