Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Бишкекте бензиндин баасы төмөндөдү
23.09.2021 | 11:44
Бүгүн, 23-сентябрда саат 10:40ка карата Бишкектеги ири май куюучу станциялардын расмий сайттарынын маалыматы боюнча, АИ-92 бензининин баасы орто эсеп менен 0,44%га төмөндөдү.
Борбор калаадагы май куюучу жайларда АИ-92 бензининин орточо баасы 56,7 сомго чейин төмөндөдү (-0,25 сом, -0,44%). Май куюучу жайларда дизелдик күйүүчү майдын орточо баасы 51,7 сом (-0,25 сом, -0,48%), суюлтулган газ 33,2 сом.
АИ-92 бензининин эң төмөн баасы 56,4 сом, АИ-95 61,9 сом. АИ-98 бензинин эки май куюучу түйүн сунуштайт: Газпром нефть 69,9 сомдон жана Бишкек Петролеум бир литрине 74,9 сомдон.
Бишкектеги май куюучу жайда дизель майынын минималдуу баасы 51,4 сомду түзөт. Суюлтулган газ:
- Бишкек Петролеум – 33,5 сом (Бишкек жана Чүй облусундагы үч май куюучу жай)
- Газпром нефть – 32,9 сом (Бишкектеги үч май куюучу жай)
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика