Бишкек милициясынын башчысы Азамат Токтоналиев ур-токмоктон каза болгону айтылган окуучу Аннастын ата-энеси менен жолукту. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Жолугушуу бүгүн, 13-февралда өткөн. Токтоналиев маркум окуучунун ата-энесинин арыз-даттанууларын угуп, окуянын чоо-жайын тактоо үчүн толук кандуу тергөө иштери жүрөрүн, мыйзам бузуу аныкталса, катуу чаралар көрүлөрүн айткан.
Аталган окуя боюнча иликтөө шаардык милициянын Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлө турган болгон.
Эскерте кетсек, 10-февралда милицияга маркум баланын атасы арыз менен кайрылып, 21-январда уулу №72 мектептин дааратканасында үч окуучу (Т.И., С. Б., К. Б.) тарабынан сабалганын, анын айынан баласы эс-учун жоготуп, ооруканага түшкөнүн, 4-февралда каза болгонун билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.