Курулушту кечиктирген ишканаларга жаңы объектилерди курууга уруксат берилбейтБишкекте кыймылсыз мүлк сатып алуучулар үчүн OSK Forum 2026 форуму өтөтКыргызстандын Суу-мотор спорту федерациясы эл аралык UIM уюмуна мүчө болдуСадыр Жапаров энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу маселесин кароону тапшырдыКРда 200 миң сомго чейин келишимсиз жана ЖИ аркылуу сатып алууга уруксат берилиши мүмкүнЛондондо Кыргызстан өзүнүн туристтик дараметин тааныштырууда
Жогорку Кеңеш Нурдан Орунтаевди министр кылып дайындоого макулдук берди
13.02.2025 | 15:46
Жогорку Кеңеш бүгүн, 13-февралда Нурдан Орунтаевди курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кылып дайындоого макулдук берди.
Орунтаевдин талапкерлигин 75 депутат колдоп, каршы добуш бергендер болгон жок.
Эскерте кетсек, 11-февралда президент жарлыгы менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин министрлик кылып өзгөрткөн. Министрдин милдетин аткаруучу болуп Нурдан Орунтаев дайындалган. Буга чейин ал Курулуш агенттигин жетектеп келген.
Нурдан Орунтаев өлкөдөгү 17 министр болуп калат. Буга чейин Кыргызстанда 16 министрлик болгон.
https://reporter.kg/nurdan-oruntaev-olkodogy-17-ministrlikti-zhetektejt-omyr-bayany/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом