Аба-ырайы кескин өзгөргөнүнө байланыштуу Бишкек-Нарын-Торугарт оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Учурда «Долон» ашуусунда туман болуп, кар жаап жаткандыктан жол тейлөө мекемелери менен биргеликте кум аралашмасы чачылууда. Нарын шаарынын чыга беришинен Терминал аймагынан жана Кочкор районун Сары-Булак аймагынан оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.
Нарын облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга жолдо жүрүүдө баардык коопсуздукту так сактоого жана унаалар менен болгон аралыкты, карама каршы тилкеге чыкпоого чакырат.
ЖКККБнын өздүк курамы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жана «Долон» ашуусунда кызмат өтөөдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз