Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Бишкек – Ош унаа жолундагы кырсыктан 6 адам каза тапты (видео)
06.06.2023 | 11:14
Бүгүн, 6-июнда Бишкек – Ош жолунда эки унаанын катышуусунда болгон жол кырсыктын кесепетинен 6 адам каза болду.
Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, кырсык жолдун 178-чакырымында саат 07:00 чамасында болуп, Toyota Alphard менен Mercedes-Benz унаасы сүзүшкөн.
“Алдын алаа маалымат боюнча, Toyota Alphard оң рулдуу унаасы карама-каршы тилкеге чыгып Mercedes-Benz унаасы менен кагылышкан”, – деп айтылат маалыматта.
Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, жол кырсыктан жалпы 14 адам жабыркаган. Алардын ичинен окуя жеринде 4 адам көз жумган. Ооруканага алып бара жатканда дагы 2 киши каза тапкан.
Учурда ооруканага жеткирилген адамдардын абалы такталууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз