Чүйдөгү №2 абакта ымыркайы бар аялдар да отурушат

Чүйдөгү №2 абакта ымыркайы бар аялдар да отурушат

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Чүй облусундагы аялдар абагынын №2 мекемесине барды.

Паралменттин басма сөз кызматы билдиргендей, депутат кыйноолордун алдын алуу борборунун директору Бакыт Рысбеков менен бирге №2 мекемесиндеги аялдардын жашоо шарты, ошондой эле алар жасаган жумуштары менен таанышып чыгышты.

Жолугушууда абактагы аялдар депутатка өздөрүнүн көйгөлүү маселелерин көтөрүп, ошондой эле шарттуу бошотуу боюнча маселе бар экенин айтып, соттордун айрым чечимдерине байланыштуу нааразычылык билдирип даттанышты.

Жусупбек Коргонбай уулу абактагы аялдардын арыз-муңун угуп, угуп тиешелүү тармактарга жеткирерин убада кылды.

№2 абакта ар кандай кырдаалдан улам кармалган аялдардын арасында ымыркай балалуулары дагы бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>