Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшүп, жол бир тараптуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, кар көчкү 6-март күнү саат 16.00дө Чычкан капчыгайында түшкөн. Тазалоо иштерине 1 жүктөгүч жана 1 грейдер тартылган. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин эскерткен.
иллюстрациялык сүрөт