Бишкек-Ош жолунда кырсыктан 5 адам каза болду – сүрөт

26.05.2021 | 11:45

Чүй облусунда жол кырсыктын кесепетинен 5 адам көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 170-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) “Тайота Камри” менен “МАН” оор жүк ташуучу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен “Тайота Камри” унаасында 5 адам (2 эркек, 2 аял, 1 бала) каза болгон. Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

[image_carousel source=”media: 80599,80601,80602″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Scroll to Top