Бишкек-Ош жолунда кырсыктан 5 адам каза болду — сүрөт

Бишкек-Ош жолунда кырсыктан 5 адам каза болду — сүрөт

Чүй облусунда жол кырсыктын кесепетинен 5 адам көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 170-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) «Тайота Камри» менен «МАН» оор жүк ташуучу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен «Тайота Камри» унаасында 5 адам (2 эркек, 2 аял, 1 бала) каза болгон. Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>