Кыргызстандын бийлиги университеттердеги келишим бааларына мамлекеттик көзөмөлдү кайтарууну талкуулоодоБишкек абанын булгануу деңгээли боюнча 66-орунду ээледиМилиция ЖК депутаты мурдагы аялын сабап келгени айтылган билдирүү боюнча маалымат бердиАла-Букада жаш үй-бүлө иске ууланып каза таптыКыргызстан Нипах вирусунун коркунучунан улам өткөрүү пункттарында санитардык көзөмөлдү күчөттүЖогорку Кеңештин депутатынын мурдагы аялы зомбулук көрүп келгенин билдирүүдө
Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан 7 адам каза болду
04.03.2020 | 10:11
Бишкек-Ош жолунун 493-чакырымында жол кырсыгы катталып, 7 адам каза болуп, 6 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 4-март күнү болжол менен түнкү саат 01:00 чамасында болгон.
“Мерседес-Вито” жана “Хонда-Жаз” үлгүсүндөгү унаалардын катушуусунда жол кырсыгы катталган. Жабыркаган 6 адам Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканага жеткирилген. Ал эми каза болгон 7 адамдын жансыз денелери Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген”, – деп жазылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар