Банктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды
Бишкекте улгайган аялды унаа коюп кетип каза болду – видео
04.03.2020 | 10:19
Бишкекте улгайган аялды унаа коюп кетип каза болду. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан билдиришти.
Окуя бүгүн, 4-март күнү эртең мененки саат 07:30дар чамасында Лев Толстой жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Аял кырсык болгон жерден мерт кеткен.
«Nissan үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусу Лев Толстой көчөсүндө күн батышты көздөй бара жатып, 77 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп алган», – деп айтылат маалыматта.
Учурда кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар