Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан бир киши өлүп, 6 адам жабыркады

Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан бир киши өлүп, 6 адам жабыркады

Бишкек — Ош унаа жолунун 293-чакырымында жол кырсыгы катталып,  бир адам каза болуп, 6 адам жабыркады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсык Токтогул районунун аймагында болгон. Анда «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.

ӨКМдин куткаруучулары кырсык болгон жерге барып, каза болгон адамдын сөөгүн унаадан чыгарып тез жаржам кызматына өткөрүп беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>