Бишкек шаардык сотунун имаратына белгисиз адамдар эшигин талкалап киришкен

Бишкек шаардык сотунун имаратына белгисиз адамдар эшигин талкалап киришкен

Бишкек шаардык сотунун имаратына түн ичинде белгисиз адамдар эшиктерди талкалап киришкен.

Буга чейин соттун административдик имаратынын айрым кеңселериндеги сейфтерди белгисиз адамдар ачып кетишкени маалымдалган.

Кечээ кечинде Бишкек шаардык сотунун имаратына белгисиз адамдар киргенин соттун басма сөз кызматы билдирди.

Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.  Башкармалыктан билдиришкендей, шаардык сот тарабынан карала турган бардык иштер өз ордунда.

Азыр эсептөө жүрүп жатат, чыгым табылган жок, деп белгиледи сот.  Буга чейин ЖМКлар белгисиз адамдар айрым кеңселерде сейфтерди ачышкандыгын жазып чыгышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>