Казакстан менен чек арада бир миллион сомдон ашык суммадагы дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуЖалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштар
“Бишкек шаардык транспорт” ишканасы автобус жүргүнчүлөрүн тазалыкты сактоого чакырат
28.02.2025 | 13:59
“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы автобус жүргүнчүлөрүн тазалыкты сактоого чакырат.
Ишкана билдиргендей, айрым жүргүнчүлөр отургучтун алдына сагыз чаптап, автобустун ичине ичкен суусундугунун идишин же башка нерсе калтарып кетет. Мындан улам алар жүргүнчүлөрдү автобустун ичинде тазалыкты сактоого чакырат.
Алардын кызматкерлери күн сайын саат 12:00до жана 19:00до автобустун ичин жууп, тазалашат. Бир кызматкер үч автобусту тазалайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом