Бишкектеги «Жантай» мал союучу жайы жана мал базарлар жабылды

11.09.2025 | 11:22

Бишкек шаарынын аймагындагы бардык мал базарлары жабылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, базарлар мал-жандыктарлы сатуу шарттарын бирдиктүү стандарттарга алып келүү максатында курулган жаңы ири базардын ишке киришине байланыштууу жабылды.

Ошондой эле санитардык нормаларга жооп бербегендигине жана жарандардын көп сандаган нааразычылыктарына байланыштуу «Жантай» мал союлуучу жайынын иши токтотулду.

Министрлик бул чаралар санитардык-ветеринардык коопсуздукту жогорулатууга, мал союу жана сатуу процессинде бирдиктүү талаптарды киргизүүгө, ошондой эле жарандардын ден соолугун коргоого багытталганын билдирди.

Эске салсак, жакында эле Бишкектен алыс эмес Маевка аймагында жаңы «Алтын -Казык» мал базары ишке кирген. Буга чейин Бишкек мэриясы бул жаңы базарга «Жантай», «Пригородный», «Эски Толчок», «Нарбото» мал базарлары көчүрүлөрүн, ошондой эле 20га чукул талапка жооп бербеген мал союучу жайлар жабыларын билдирген.

Scroll to Top