Бишкек шаарындагы көмүр сатуучу жайлардын даректери

24.10.2023 | 22:35

Бишкек шаардык мэриясы жарандарды күз-кыш мезгилине карата көмүрдү алдын ала камдап алууну эскертип, көмүр сатуучу жайлардын даректеринин тизмесин жарыялады.

Ленин районунун аймагында 7 көмүр базасы бар:

– Мурманск көчөсү 126 дарегиндеги  көмүр базасы. (Кара-Кече көмүрү);

– Мурманск көчөсү 45/2 дарегиндеги  “Кара-Тоо” ЖЧКсы(мурдагы “Торг-Синтез” ЖЧКсы) (Кара-Жыра көмүрү);

– Мурманск көчөсү 122, 122а дарегиндеги  “Береке” ЖЧК(Кара-Кече көмүрү);

– Мурманск көчөсү 1Б дарегиндеги “Беш Сары” ЖЧК (Кара-Кече көмүрү);

– Коргоо министрлигинин Дэн Сяопин 306а дарегинде жайгашкан көмүр базасы (Кара-Кече көмүрү);

– Дэн Сяопин пр. 308/4 дарегиндеги  “Болотбеков” жеке ишкер  (Кара-Кече көмүрү);

-Мурманск көчөсү 1Б дарегинде, түштүк тараптан киргенде  “Золотая корпорация” ЖЧК (Шабыркүл көмүр).

Октябрь районундагы көмүр сатуу пунктунун дареги:

– “Төкөлдөш” конушу  “Аламүдүн” станциясында “Глобал Азия Пропертиз” ЖЧК.

Свердлов акимиатынын аймагында:

– Достоевский көчөсү  №1 дарегинде ИК «Гефест» 1 отун базасы бар.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top