Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Кытай мамилеси тууралуу айтты

Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Кытай мамилеси тууралуу айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанга биринчи жолу расмий сапары менен келген Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Акылбек Жапаров ардактуу конокту жылуу тосуп алып, аны менен жолукканына жана жеке таанышканына кубанычта экенин белгиледи.

“Үстүбүздөгү жыл биздин эки тараптуу мамилелерибиз абдан активдүү болгонун канааттануу менен белгилегим келет. Президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапары эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине чыгарууга салым кошконун белгилей кетейин. Азыркы учурда Кыргызстандын Кытай Эл Республикасы менен мамилелери эки тараптуу кызматташуунун тарыхында болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жетти деп айтууга болот”, – деди ал.

Өз кезегинде Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал бул расмий жумуш сапар эки тараптуу кызматташтыкты жана жакшы коңшулук мамилелерди бекемдеп, тереңдетет деген ишенимин айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган кызматташтыктын кеңири спектрин талкуулашты.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>