Бишкек шаарынын мурдагы мэри камакка алынды

22.03.2022 | 10:46

Алдамчылыкка шектелип кармалган Бишкек шаарынын мурдагы мэри Эрмек Нургазиев камакка алынды. Бул туурасында Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Нургазиев тергөө аяктаганга чейин камакта болот.

2019-жылы июль айында райондук милицияга турак жай курулуш кооперативдеринин биринин төрагасы кезинде мурда сатылган батирлерин кайра сатып жибергени үчүн Нургазиевге карата чара көрүү боюнча арыз түшкөн.

2022-жылы 18-мартта жогорудагы фактыга шектелип Эрмек Нургазиев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.  Шектүүнүн үстүнөн жамааттык арыздан тышкары 7 арыз түшүп, жалпы келтирилген чыгым 7 миллион 845 миң 692 сомду түздү.

Эрмек Нургазиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп 2021-жылы февраль айында дайындалып,  бир күндөн соң кызматтан айдалган.

Андан жабыр тарткандар болсо милицияга (0312 43 01 27 же 102) кабар берип коюуну милиция суранууда.

Scroll to Top