Аткезчилик: Чет элдик жарандар алтын буюмдарын алып бара жатканда колго түштү

Аткезчилик: Чет элдик жарандар алтын буюмдарын алып бара жатканда колго түштү

Ош аэропортунда контрабандалык жол менен алып бара жаткан 2 кг жакын салмактагы алтын буюмдар кармалды. Бул туурасында Ош облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-март күнү саат 19:30дар чамасында, жергиликтүү милиция менен Түштүк  бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн иш чаралардын натыйжасында  алтын буюмдарды аткезчилик жол менен алып бара жаткан 4 жаран кармалган.

Аталган жагдай милициянын электрондук журналына  катталып, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзүлүп тиешелүү материалдар топтолгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Өзбекстандын жарандары 51 жаштагы М. Л. салмагы 500 граммды түзгөн  ак алтындан жасалган зергердик жасалгаларды ( эки даана билерик, бир даана шакек жана бир даана моюнга тагуучу чынжырча) ,  51 жаштагы М. Т.дан (аял киши) салмагы 430 граммды түзгөн  алтындан жасалган зергердик жасалгалар ( эки даана шакек, бир даана билерик, бир даана моюнга тагуучу чынжырча), 27 жаштагы Н. Ндан  салмагы 504 граммды түзгөн  алтындан жасалган зергердик жасалгалар ( бир даана шакек, эки даана билерик, бир даана моюнга тагуучу чынжырча) жана 23 жаштагы М. Ндан салмагы 508 граммдан турган алтындан жасалган зергерлик жасалгалар ( эки даана шакек, эки даана билерик жана бир даана моюнга тагынуучу чынжырча )  баары болуп 1 кг.972 грамм алтындан жасалган зергерлик жасалгаларды тагынып өтүп бара жатышкан жеринен, Ош Эл аралык аэропортунда кармалышкандыгы аныкталган.

Бүгүнкү күндө аталган атуулдардын көрсөтүлгөн алтын буюмдарын алган жерин жана эмне максатта алып бара жатышкандыгын аныктоо максатында текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>