Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүнөн көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 28 жаштагы Н.К. 39 жаштагы аялды өлтүрүп салган. Бул туурасында Ленин райондук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 23-сентябрь күнү эртең менен милицияга кабар келип, издөө иштерин баштаган. Натыйжада кылмышка шектүү кармалып, тергөө иштери башталды.