Бишкек – Торугарт багыты боюнча 6 тилкелүү акы төлөнүүчү жол салуу пландалууда
Бишкек – Балыкчы – Нарын – Торугарт унаа жолунун бир бөлүгүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде оңдоп-түзөп, акы төлөнүүчү жол кылуу пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
План боюнча аталган жолдун 30,6 чакырымдан 90-чакырымга чейинки бөлүгү жаңыланып, 6 тилкелүү болот. Аны куруу үчүн министрлик инвесторлорду издөөдө. Жол реконструкциядан өткөндөн кийин акы төлөнүүчү болот. Ага альтернативдүү жол катары ички Бишкек – Нарын – Торугарт жолу кызмат кылары кабарланды.
“Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө акы төлөнүүчү жана бекер жолдор аркылуу каттамдарды тандоо барган сайын көбөйүүдө. Жолдун өзүн-өзү камсыздоосу маанилүү артыкчылыктардын бири болуп саналат. Бул ыкма жолду курууга жана күтүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн киргизилүүдө. Жол көздөгөн жериңизге тезирээк жетүүгө мүмкүндүк түзөт”, – деп айтылат маалыматта.
Инвесторлор министрдик менен “Бишкек шаары, Н. Исанов көчөсү 42” дареги боюнча, 0 (312) 31 43 13, 0 (312) 31 42 91 номерлери же mtdgovkg@mail.ru почта дареги аркылуу байланыша алат.
