Bishkek Travel Fest: этникалык кийимдер, жандуу музыка жана позитивдүү энергия
Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата борбор калаадагы Ынтымак-1 жана Ынтымак-2 сейил бактарында “Bishkek Travel Fest” жаштар туризм фестивалы болуп өттү.
Иш-чара чыгармачылыктын, достуктун жана шыктануунун атмосферасында өтүп, жаш активисттерди, туристтик уюмдарды жана саякат сүйүүчүлөрдү бириктирди.
Фестивалдын алкагында дизайнер Baira тарабынан даярдалган этникалык кийимдер көрсөтүүсү болуп, көрүүчүлөр кыргыз улуттук кийимдеринин ар түрдүүлүгүн жана заманбап стил менен айкалышын көрө алышты.
Музыкалык маанайды Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азамат Кулубеков жетектеген Бишкек шаарынын мэриясынын үйлөмө аспаптар оркестри жаратты. Алар классикалык жана заманбап чыгармаларды аткарып, фестивалга өзгөчө көрк кошушту.
Балдар жана өспүрүмдөр үчүн аниматорлор, оюн жана квест-зоналар уюштурулуп, майрам үй-бүлөлүк форматта өттү.
Bishkek Travel Fest — бул ар бир адам үчүн эс алуу, чыгармачылык жана туризм дүйнөсүн ачкан аянтча болду.