КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Суучулар Ысык-Көлдүн түбүнөн 1,5 км тор чыгарышты
13.10.2025 | 09:00

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары 2025-жылдын 12-октябрына караган түнү Тоң районундагы көлдөн 1500 метр узундуктагы синтетикалык торду чыгарышты.
Министрликтин маалыматына ылайык, иштин жүрүшүндө торго түшүп калган 114 балык жандуу абалда кайра сууга коё берилди.
Маалым болгондой, чыгарылган торлор жаңы салынганы аныкталган.
Эске салсак, 2023-жылдын 12-мартынан тарта Президенттин Жарлыгынын негизинде Ысык-Көлдүн флорасы жана фаунасына зыян келтирген таштандыларды жана балык уулоочу торлорду тазалоо иштери масштабдуу түрдө жүргүзүлүп келет.
Учурда ӨКМ министри Бообек Ажикеевдин көзөмөлү алдында тазалоо иштери күчөтүлгөн тартипте уланууда. 2025-жылдын 12-октябрына чейин жалпы 160 005,3 гектар көл аянтынан 80 900 метр тор чыгарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом