«Манас» эл аралык аэропортуна жаңы унаа жол курулатЖайыл районунда тогуз жетим балага жер тилкелери берилдиЫсык-Ата районунда 2400 гектар жерди сугаруу үчүн суу сактагычтын курулушу аяктоодоКурулуш министрлигинде 1,5 млрд сомдук каржылык бузуулар аныкталдыСокулукта жоголуп жаткан 9 жаштагы Нурислам табылдыКыргызстандын парламентинин төрагасы Москвада эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо маселелерин көтөрдү
Бишкек: Учкунда жылуулук жана ысык суу убактылуу өчүрүлдү
21.11.2024 | 17:50
Бишкектин Учкун кичирайонунда жылуулук жана ысык суу убактылуу өчүрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, текшерүү учурунда диаметри 377 мм болгон (1994-жылы пайдаланууга берилген) түтүктөн суу агып жатканын аныкталып, ага байланыштуу Учкунда ысык суу менен жылуулук өчүрүлгөн.
Учурда оңдоо бригадалары түтүктүн жарылган жерин жана канчалык жараксыз абалга келгенин аныктоо иштерин жүргүзүүдө.
“Жылуулук жана ысык суу качан берилери тууралуу кошумча маалымдалат”, – деп билдирет мэрия.
“Бишкек жыллулук тармагы” ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом