Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Бишкек: “Ынтымак 2” сейил багынын жанындагы бактар кыйылууда (ВИДЕО)
19.04.2022 | 16:12
Бишкек шаарынын “Ынтымак 2” сейил багынын жогору жагындагы бактар кыйылып жатат. Бул туурасында Reporter.kg′ге окурман билдирди.
Ал “Ынтымак 2” сейил бактын жанындагы бактардын кыйылып жатканы таң калыштуу болуп жатат. Эмне себептен кыйылып жатат? Же бул жактарга да көп кабаттуу турак-жайлар курулганы жатабы?”- деп суроо салган.
Ал эми Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы бул бак кыркылып жаткан аймак Дайыр Асанов атындагы сейил бактын бет маңдайы экенин ырастап, Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу жер экенин билдирди.
Ушул тапта Reporter.kg эмне себептен бактардын кыйылып жатканын Чүй облусунун жетекчилигинен тактап жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар