БУУ Кыргызстандын 74 айылына компьютер берди

БУУ Кыргызстандын 74 айылына компьютер берди

БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) санариптештирүү иштерин колдоо максатында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке социалдык коргоо системасын колдоо үчүн компьютердик жабдууларды тапшырды. Бул туурасында аталган дүйнөлүк уюмдун Бишкек кеңсеси билдирди.

Маалыматка караганда,  жабдуулар социалдык жактан корголгон аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн санариптик маалымат базасын түзүү үчүн 74 айыл аймагына жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин райондук бөлүмдөрүндө колдонулат.

Бул кадам натыйжалуулукту, маалымат коопсуздугун жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр тууралуу анализ менен мониторингин жакшыртат. Мындан тышкары, эффективдүү маалымат алмашуу жана маалыматтарды өз убагында жаңыртуу үчүн социалдык паспорттун санариптик системасы “Түндүк” мамлекеттик маалымат системасына байланыштырылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>