28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулатСокулук районунда 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулатФеликс Кулов Казакстандын жаңы Конституциясына баа берди: алдыга карай чоң кадам жана «кош бийлик» тобокелдиктериПрезидент бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койдуКыргызстандагы КММ баалары: учурдагы абал жана өкмөттүн бааны ооздуктоо боюнча чаралары
Бишкек жана Чүйдө бир суткада 37 мас айдоочу кармалды
08.02.2025 | 16:48
Бишкек жана Чүй облусунун аймагында атайын рейд өткөрүлүп, бир сутка ичинде 37 мас абалында унаа башкарган айдоочу кармалды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кармалган унаалардын баары айып короо жайына токтотулуп, айдоочулардын тийиштүү документтери айдоо укугунан ажыратуу үчүн сотко даярдалууда.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы рейддик иш-чара айдын аягына чейин уланарын эскертет.
Рейд учурунда ичип алып унаа башкаргандарга жана жасалма жалган мамлекеттик номер тагып айдагандарга өзгөчө көңүл бурулат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар