Бишкекке Кытайдын C909 учуучу госпитали келдиКыргызстанда биринчи улуттук спутник иштелип чыкты. Ал айыл чарба тармагында колдонулатБишкекте дарыгерлер 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн тыйынды алып чыгыштыСуучул Денис Петрашов Азия оюндарында күмүш медаль уттуБишкекте 25-сентябрдан тартып №43 автобустун каттамы өзгөрөтШайназаров: БШК шайлоо менен алектениши керек, лотерея менен эмес
Кыргызстанда текстиль кийимдердин сапатын текшерген лаборатория ачылат
08.02.2025 | 14:43
Экономика министрлиги, «КыргСерт» компаниясы жана Кытайдын Xinjiang Tianyu Engineering Testing компаниясы текстиль жана тигүү буюмдарын сыноо жана текшерүү лабораториясын түзүү боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул лаборатория төмөнкү иштерди аткарат:
– продукциянын эл аралык жана улуттук стандарттарга шайкештигин текшерүү;
– ден соолук жана экологиялык коопсуздук сертификаттарын берүү;
– сапат маселелери боюнча тигүү ишканаларына багыт берүү;
– эл аралык сертификаттоо стандарттарын ишке ашырууга жардам берүү.
Жаңы борбор Кыргызстандын продукциясынын дүйнөлүк рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, экспорттоого шарт түзөрү күтүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар