Онлайн эмес: Бишкектеги мектептер эртең кадимки тартипте иштейтОвсюктун жаңы коркутуусу: бул жолу Бишкектеги соода борборлоруОкуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталдыБишкектеги мектептер 17-октябрда онлайн форматка өтөтБишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жатат
Бишкек ЖЭБдин адиси 3200 доллар пара алып жатканда кармалды
01.06.2024 | 13:44
Бишкек жылуулук электр борборунун адиси С.Э.С. 3 миң 200 АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Тактап айтканда, аккредиттелген химиялык лабораториянын жооптуу адиси, акчалай сыйлык үчүн коррупциялык схеманы уюштургандыгы, катуу отундун протоколдук сыноолорунун корутундуларын даярдоодон жана бурмалоодон көрүнүп турат.
Атайын ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен мурда алынган маалыматтар тастыкталды. Анын алкагында 2024-жылдын 27-майында жеке ишкерден 3 миң 200 АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен «С.Э.С.» кармалды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар