Кеңседе 40%, бирок алардын болгону 13% гана ошол жерде иштөөнү каалайт: кыргызстандыктар кандай форматта иштөөнү кыялданышатКыргызстанда парус спорту, дайвинг жана жаңы суу спорт түрлөрү кулач жайышы күтүлүүдөБишкекте чет өлкөлүктөр үчүн жасалма виза даярдоо схемасынын бети ачылды«Башкаларга окшобогон»: сулуулук сынагынын катышуучусу калыстар тобун эмнеси менен таң калтырдыЭксперттер ИИМ курсанттарын экстремизмдин белгилерин таанууга үйрөтүштүБишкектеги №28 мектептин директору прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин кызматтан алынды
Бишкек ЖЭБдин адиси 3200 доллар пара алып жатканда кармалды
01.06.2024 | 13:44
Бишкек жылуулук электр борборунун адиси С.Э.С. 3 миң 200 АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Тактап айтканда, аккредиттелген химиялык лабораториянын жооптуу адиси, акчалай сыйлык үчүн коррупциялык схеманы уюштургандыгы, катуу отундун протоколдук сыноолорунун корутундуларын даярдоодон жана бурмалоодон көрүнүп турат.
Атайын ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен мурда алынган маалыматтар тастыкталды. Анын алкагында 2024-жылдын 27-майында жеке ишкерден 3 миң 200 АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен «С.Э.С.» кармалды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар