«Бишкекасфальтсервис» ишканасына 450 миң сом айып салынды

«Бишкекасфальтсервис» ишканасына 450 миң сом айып салынды

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына 451 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, экотехинспекция Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерген.

Анын алкагында “Бишкекасфальтсервис” ишканасы текшерилип, экологиялык жана техникалык коопсуздук эрежелеринин талаптарын бузганы аныкталган. Буга байланыштуу протокол түзүлүп, 451000 сом айып салынган.

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>