Бүгүн, 29-августта Бишкек шаарына “Город -312” тобу келди. Бул тууралуу Маалымат, маданият, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, алар Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган Кыргызстандын футбол ардагерлеринин курама командасы менен КМШ өлкөлөрүнүн оюнчуларынан турган курама командасынын ортосунда футбол боюнча жолдоштук беттешүүнүн расмий коногу катары келди.
Программа боюнча алар кыргызстандыктарды жана футбол сүйүүчүлөрдү келе жаткан эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, ата мекендик эстарда жылдыздары менен биргеликте концерттик программа тартуулашат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда