КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча командасы Бишкекке келди

КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча командасы Бишкекке келди

Бишкек шаарына КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча оюнчуларынан турган курама команда Бишкеке келди. Бул тууралуу Маалымат, маданият, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алар эртең, 30-августта Кыргызстандын ардагерлеринин курама командасы менен футбол боюнча жолдоштук беттеш өткөрөт.

Маалыматка караганда, эртең, 30-август күнү КМШ жана Кыргызстандын курама командасы саат 11:00 Нователь мейманканасында маалымат жыйын өткөрөт.

Эгемендүүлүктүн 31 жылдыгына карата уюштурулган футболдук беттеш 30-августта Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Президент Садыр Жапаров да футбол боюнча Кыргызстандын ардагерлер курама командасынын катарында КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагерлер командасы менен беттешет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналдафутбол

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: футбол

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>