Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгынан 4 адам жаракат алды, – видео

Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгынан 4 адам жаракат алды, – видео

Бишкек шаарында жол кырсыгынан 4 адам жаракат алды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.    

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 11-августта саат  22:00дөр чамасында  Бишкек шаарындагы Айтматов жана  Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.  Анда «Хонда Степ» үлгүсүндөгү  автунаа менен «Ниссан Марч» үлгүсүндөгү автоунаа кагылышкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен 4 адам жаракат алган, алардын экөө балдар.

“2 жаран №4-ооруканага, 2 жаран №3-балдар ооруканасына жаткырылган. Бул факт боюнча азыркы учурда эки унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, тийиштүү экпертиза дайындалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда”, — деди Айтикул уулу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>