Бишкекте №17 Үй-бүлөлүк медицина борбору дезинфекция иштерин жүргүзүүгө жабылды

Бишкекте №17 Үй-бүлөлүк медицина борбору дезинфекция иштерин жүргүзүүгө жабылды

Бишкекте №17 Үй-бүлөлүк медициналык борборуна дезинфекция иштерин жүргүзүү үчүн жабылды. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган борбордун 4 кызматкеринен коронавирус аныкталган. Ошол себептен оорукана жабылды.
Буга байланыштуу, дезинфекциялык иш-чаралар аяктаганга чейин, №17 ҮМБда каттодо турган жарандар Ленин районунун бириктирилген ҮМБсына кайрыла алышат.

Белгилей кетсек, бүгүн өлкө аймагында COVID-19 инфекциясы менен 23 жаӊы учур катталып, анын ичинде Бишкек шаарындагы №17 Үй-бүлөлүк медициналык борборунун (ҮМБ) төрт кызматкеринде вирус тастыкталган. Учурда бардык жарандар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>