Бишкекте 1-декабрдан тарта кинотеатрлар ачылат

Бишкекте 1-декабрдан тарта кинотеатрлар ачылат

Бишкекте 1-декабрдан тарта кинотеатрларды ачуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маалымдады.

Анын айтымында, Республикалык штаб залдын 50 пайызын гана толтуруу шарты менен кинотеатрларды ачууга уруксат берген.

«Бара-бара шаарда мектептер менен бала бакчалардан башка чектөөлөр алынып салынат. Тойкана жана ресторандар үчүн өзүнчө эрежелер болот», — деди ал.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги октябрь айында өлкөдөгү кинотеатрлардын ишин жандандырууну сунуштаган.

Кыргызстанда кинотеарлардын иши эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын март айында токтотулган. Жети айдан бери бул тармак чоң финансылык жоготууларга учурады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>