Бишкекте 10 ишканага айып салынды

13.02.2024 | 20:33

Бишкек шаарында муниципалдык инспекция курулуш объектилеринде рейд өткөрдү.

Маалыматка караганда, рейддин жүрүшүндө 7 ишканада мыйзам бузуулар аныкталган. Алсак, чектеш аймакта тазалыкты сактабагандыгы үчүн КРнын Укук бузуулар жөнүндө  кодексинин 114-беренесине ылайык төмөнкү ишканаларга 13 миң сом өлчөмүндө протоколдор түзүлдү:

– “Гарант Девелопмент” ЖЧКсы ;
– “Браво Билд” ЖЧКсы;
– “Гарант Девелопмент” ЖЧКсы ;
– «Премиум А-Групп» ЖЧКсы;
– «Ригель» ЖЧКсы;
– «Аманат Строй» ЖЧКсы.

Өндүрүштүк калдыктарды муниципалдык аймакка ташып чыгуу үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин негизинде Эркиндик бульвары, №21 дарегинде жайгашкан «СК Орион» ЖЧКсына 23 миң сом өлчөмүндө айып салынган.

Муниципалитеттин макулдугусуз, өз алдынча топурак казгандыгы үчүн «Капито Байтик Баатыр» ЖЧКсына карата КР укук бузуулар жөнүндө  кодексинин 179-беренесинин негизинде,  17 миң сомго протокол түзүлдү.

Ушул эле берененин негизинде Безымянная көчөсү, 4/4 дарегиндеги «Фиш Ритейл Сервис» ЖЧКсына жол бетин бузуп, булгагандыгы үчүн 17 миң сомго протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, текшерүү Ахунбаев көчөсү, 48/1 дарегиндеги «Чанган» каржы компаниясына жана жеке чарбалык субъекттерге чектеш аймактарды жашылдандыруу эрежелерин сактоо боюнча эскертүүлөр берилген.

Рейддик иш-чаралар күн сайын өткөрүлүп турат. Тартипти бузгандарга тиешелүү чаралар көрүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top