“Эл билсин”. Милиция журналист Али Эргешовду кармады (видео)

“Эл билсин”. Милиция журналист Али Эргешовду кармады (видео)

“Манас” аэропортунда журналист Али Эргешов кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, ал аэропорттон адамды жүзүнөн тааныган камералардын жардамы менен издөөдө жүргөн адам катары милиция тарабынан кармалган.

ИИМдин маалыматы боюнча, анын кармалышы 2023-жылдын май айында Жалал-Абадда болгон “бейбаштык” окуясына байланыштуу. Эргешовго кылмыш иши козголуп, Жалал-Абаддын соту аны камакка алуу чечимин чыгарган. Ошондой эле ал издөөгө жарыяланган.

Буга чейин журналист Али Эргешов “Инстаграмдагы” баракчасына видео жүктөп, анда милиция кызматкерлери тарабынан кармалганын билдирген. Ал эч кандай мыйзам бузбаганын айтып, кармалышын өзүнүн журналисттик иши менен түздөн-түз байланыштуу экенин кошумчалаган. Ошондой эле ал издөөдө жүргөнү тууралуу кабары жок экенин айткан.

Али Эргешов Ютубдагы “Эл билсин” долбоорун иштеткен журналист катары белгилүү. Ал өлкөдөгү тамактануучу жайлардагы санитардык абал, мамлекеттик мекемелердеги кемчилик иштерди ачыктаган видеолорду чыгарып келет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>