Кытайдан меджабдуулар мыйзамсыз алынып келгени аныкталды

Кытайдан меджабдуулар мыйзамсыз алынып келгени аныкталды

ЕАЭБдин жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө «Манас» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «A. L.» ЖЧКсына Кытайдан медициналык жабдуулар (лабораториялык анализатор) келгени аныкталган.

Бажы кызматынын маалыматына караганда, бажы контролун жүргүзүүдө жүк коштоочу документтерге ылайык 5 даана өлчөмүндө 3 аталыштагы медициналык техника декларацияланган, бирок натыйжада 22 даана санында товар аныкталган.

Декларацияланган товарлар менен бирге документтерде көрсөтүлбөгөн тетиктер жана аксессуарлар жөнөтүлгөнү аныкталган. Келтирилген зыяндын суммасы 345 миң 106 сомду түздү.

Факт каттоого алынып, материалдар маңызы боюнча кароо үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>