Ош мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөт
Бишкекте 10 жаштагы Нуриза Сатыбалдиева изделүүдө
06.04.2024 | 09:15
Бишкек шаарында 2014-жылы туулган Нуриза Сатыбалдиева дайынсыз болууда. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милицияга кыздын апасы кайрылган. Анын айтымында, 5-апрель күнү түшкү саат бирлер чамасында кызы Ак-Ордо конушундагы үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
Бул факт каттоогт алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Белгилери: бою болжол менен 130-135 см, кара жумал, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийими: капюшону бар кочкул кызыл свитер, көк шым, бутунда фиолетовый галош.
Милиция маалыматы бар жарандарды 0312 35 29 47, 0312 35 12 70, 0553102880, 0703401600 же 102 телефондоруна чалып коюуну өтүнөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар