Кыргызстан селден жабыркаган казак элине гумжардам жөнөттү (видео)

Кыргызстан селден жабыркаган казак элине гумжардам жөнөттү (видео)

6-апрелде Кыргызстан суу каптоодон жабыр тарткан боордош казак элине гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, түнкү саат 4:00дө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гумжардам кербенин министр Бообек Ажикеев Бишкек шаарынан узатты. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жалпы 272 тонна 250 кг гуманитардык жардам даярдалган.

Суу каптоодон жабыр тарткан Казакстандын калкына ун, күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр буюмдары, матрац жана чатырлар жеткирилет. Өлкөнүн атынан кетип жаткан гумжардам кербени ӨКМ тарабынан ишке ашат.

Белгилей кетсек, Казакстандагы суу каптоодон улам 16 миңдей адам, 6000 жаш балдар эвакуацияланган. Убактылуу пункттарында 4миңден ашуун жаран, анын 200дөй бала жайгашкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>