Бишкекте 14 көчө оңдоо үчүн жабылат

Бишкекте 14 көчө оңдоо үчүн жабылат

Бишкек шаарында 15-марттан тарта оңдоо иштерине байланыштуу 14 көчөнүн жолдору убактылуу жабылат. Бул тууралуу борбор каланын мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытайдын грантына курулуучу «Жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында оңдоо иштери жанданат.

Чектөө кире турган жолдор:

  • Каркыра көчөсү Гагаринден Ак-Ордо конушуна чейин;
  • Түгөлбай Ата көчөсү Ибраимовдон Орозбековго чейин;
  • Айбийке көчөсү Гагаринден Ак-Ордо конушундагы темир жолго чейин;
  • Ажыбек Баатыр көчөсү Жунусалиевден Манас проспектине чейин;
  • Жунусалиев көчөсү Абдрахмановдон Масалиев көчөсүнө чейин (Арча-Бешик конушу);
  • Стадион көчөсү Абдрахмановдон Магистралга чейин (Ынтымак конушу);
  • Көкчө-Тоо көчөсү Махатма Гандиден Тоголок Молдого чейин;
  • Ташкент көчөсү Турусбековдон Тоголок Молдого чейин;
  • Новая көчөсү Ленден Жеңиш көчөсүнө чейин (Жеңиш конушу);
  • Сухэ-Батор көчөсү Каралаевден Шабдан Баатырга чейин;
  • Койбагаров көчөсү Жукеев-Пудовкинден Каралаевге чейин;
  • Фере көчөсү Тоголок Молдодон Курманжан Даткага чейин;
  • Буденый көчөсү. Чүй проспектинен Жибек Жолу проспектине чейин;
  • Огонбаев көчөсү. Ибраимов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин.

Кытай гранты аркылуу ишке ашчу долбоор эки жылга эсептелип, беш көпүрө куруп, 70 чакырымдык 60 жолду оңдоп-түзөө пландалууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>