Бишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жатат

Бишкек шаарында 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы кабарлады.
4-декабрда милиция бөлүмүнө жаран кайрылып, 2009-жылы туулган кызы Чотонова Айназик 3-декабрда болжол менен саат 07:50дө Ак-Ордо-3 конушундагы үйүнөн №82 мектепке кеткен бойдон кайрылып келбегенин билдирген. Апасынын айтымында, Айназик мектепке барган эмес. Азыр анын кайда экени белгисиз, байланышка да чыкпай жатат.
Айназиктин белгилери: бою 150–155 см, арык бойлуу. Чачы кыска жана кара, көздөрү чоң жана кара.
Кийимдери: ак манжет жана ак жакасы бар кара куртка, кара шым, кара бут кийим. Жанында боз түстөгү сумка болгон, өзгөчө белгилери жок.
Ленин РИИБи Айназиктин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандар болсо, төмөнкү телефондорго кайрылууну өтүнөт:
0 (312) 65-05-22, 0 (708) 800-527, 0 (312) 35-26-05, +996 705 307-703.