Бишкекте 17 жаштагы Айбийке эки күндөн бери дайынсыз болууда

Бишкекте 17 жаштагы Айбийке эки күндөн бери дайынсыз болууда

Бишкек шаарында Айбийке Мамбеталиеванын жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иш-чаралары жүрүп жатат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-апрелде борбор калаанын тургуну Ж.А. 2006-жылдын 18-майында туулган кызы Мамбеталиева Айбийка Талантбековнаны издөөгө жардам сурап кайрылган. Кызы  7-апрелде саат 10:30 чамасында Ак-Өргөө конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ушул кезге чейин дайынсыз болуп жатат.

Белгилери: бою болжол менен 145-150 см, толук, чачы узун, чачтын учтары түссүз, көздөрү жашыл.

Кийген кийими: жазгы кара куртка, кара шым, кара бут кийим, рюкзагы болгон.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгы сизден Айбийке Талантбековна Мамбеталиеванын жүргөн жерин аныктоого жардам сурайт.

Байланыш телефондор: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444-457, 0 (312) ) 352- 632, 0 (553) 102-880, 0 (703) 401-600, (707) 304-753, 0 (500) 032-000 жана 102.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>